Чүйдө жол кырсыгынан эки киши каза болду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 27-октябрда,  саат 07:52 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында “Mercedes Benz C 180” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын натыйжасында эки киши каза болгон. Дагы бирөө жарат алган.   

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерге  Токмок шаардык №21 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен эки жаран каза болгон.  дагы бирөө жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жаран Токмок шаардык ооруканага жеткирилди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты