Чүйдө изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Чүй районуна караштуу Шамшы айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүм  бир нече күндөн бери изделип жаткан.

Бүгүн таңкы саат 6:10 чамасында өспүрүмдүн сөөгүн Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар табышкан.

Табылган өспүрүмдүн сөөгүн жергиликтүү тургундар ИИБ өкүлдрүнө өткөрүп беришти.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты