Чүйдөгү Новопавловкада окуучулар үчүн акысыз автобустар иштей баштады
- 2 недели мурун
Ленин районунун аймагындагы Новопавловка аймактык башкармалыгында акысыз мектеп автобустары жүрө баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан.
Ал эми Дача-Су, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Бул райондордо мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар 3 — 7,5 чакырым алыс аралыкта жайгашкан Манас айылындагы «Ат-Башы» мектеп-лицейине барып, билим алышат.
Мындан улам Ленин муниципалдык администрациясы менен «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн.
Учурда Дача-Су, Учкун жана Учкун-2 аймактарында мектеп окуучуларын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: bishkek.gov.kg