Чүй: Токой-аңчылык чарбасында өрт чыкты

  • 1 год мурун

27-апрелде Чүй райондук «Заказник» токой-чарба аймагында камыш, бадал, бак-дарактардан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору кабарлады.

Жерине саат 11:56да өрт өчүрүүчүлөр барган. Кошумча жардам саат 14:44тө барган. Өрт саат 13:30да чектөөгө алынып, 18:38де толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен 7-8 гектар аянттагы камыш, бадал, бак-дарактар күйгөн.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты