“Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мекеме башчысы кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 2022-2024-жылдары Чүй облусунун Жайыл районундагы “Петропавловск” каналын капиталдык оңдоо учурунда аныкталган коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, шаар куруу мыйзамдарын бузууларды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну аныктап, мамлекетке 12 миллион сом зыян келтирилгенин маалымдады.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн алкагында, Суу ресурстары кызматына караштуу мамлекеттик мекеме болгон “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын” башчысы (Суу ресурстары кызматынын мурдагы убактылуу директору) 1965-жылы туулган Р.М.О.  кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты