Чүй районунун Искра айылында окуучулар момпосуй жана таттуу спрейге жапырт ууланышты  

  • 2 недели мурун

Чүй облусунун милиция кызматкерлери Чүй районунун Искра айылындагы мектептин окуучуларынын жапырт ууланышы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынан 12 жашар тогуз бала жана 6 жана 5 жашар, жалпы 11 бала тамак-ашка уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. Ооруканада аларга тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө кое берилген.

Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, бүгүн, 27-ноябрда, болжол менен саат 11де 7-класстын А.А. аттуу окуучусу ошол айылдагы таштанды челектен   «BEN 10» фирмасынын целлофанга оролгон момпосуйларын жана бөтөлкөдөгү таттуу спрей таап алган. Андан кийин аларды ошол Искра айылындагы мектепке алып келип, классташтарына жана башка окуучуларга берген. Ал балдар аларды жеп-ичкенден кийин, өздөрүн жаман сезе баштаган.

Балдар менен облустук милиция кызматкерлери, мектеп, райондук акимчилик жана санитардык-эпидемиологиялык кызмат өкүлдөрү тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда балдардын ал-абалы туруктуу.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.  

Чүй районунун Искра айылында окуучулар момпосуй жана таттуу спрейге жапырт ууланышты  
Чүй районунун Искра айылында окуучулар момпосуй жана таттуу спрейге жапырт ууланышты  
Чүй районунун Искра айылында окуучулар момпосуй жана таттуу спрейге жапырт ууланышты  

Сүрөттөр: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты