Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан имараттын үчүнчү кабаты буздурулат

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй проспектисиндеги курулуш боюнча элдин сыны туура экенин билдирди.

Ташиев жолду тарытпай, түз жасоону тапшырды. Буга чейин көпчүлүк жарандар курулуштардан улам жол тарып кеткенин айтып чыгышкан.

Мындан тышкары, андагы үч кабаттуу имараттын үчүнчү кабаты буздурулат. Себеби долбоор боюнча эки кабат имарат курулары пландалган.

Бүгүн, 8-декабрда, Улуттук коопсуздуек мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты.

Буга чейин социалдык тармактарда борбор шаардын Чүй проспектисиндеги Борбордук универмаг жана шаардык универмагдарын бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн.

Мындан улам УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине жана тиешелүү тараптарга тапшырма берди.

Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында коомчулукта кызуу талаш-тартыш жүрүп, сын пикирлер айтылууда. Айрымдар баштапкы долбоор башкача болгонун, азыр өзгөрүп калганын, жол кууш болуп, тарып кеткенин айткандар да бар.

Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев журналисттерге бул боюнча комментарий берип, бүткөнчө чыдай турууну, бул жер Кыргызстандын «Монте-Карлосу» болорун айткан.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш болуп жаткан жерде жол тарып кетпегенин билдирген.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты