Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дары алынды

  • 5 месяцев мурун

Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз курал-жарак жана ок дарылар табылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) каралган кылмыштын негизинде А.Д. аттуу жарандын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иш- чараларынын жыйынтыгында Симонов системасындагы ок-дарылары (7,62 мм.) менен карабин, Калашников автоматын (5,45 мм) патрондору жана 9 мм калибрдеги тапанчанын патрондору табылды.

Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылган.

Тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты