Чүй облусунда кафе-ресторандарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

Чүй облусунда коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди.

Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдиргендей, 15-январдан тарта облустагы бардык кафе-ресторандарда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.

Анын алкагында коомдук тамактануу жайларында бир убакта элүүдөн ашык адамды тейлөөгө уруксат берилбейт. Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери коомдук тамактануучу жайларда рейддерди өткөрүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мекемеге айып пул салынат.

Жаңы жылдык майрамдардан соң өлкөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны кескин өсүүдө. Вирус жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты