Чүй облусунда дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

  • 1 месяц мурун

Чүй облустук ички иштр башкармалыгынын басма сөз кызматынынын билдирүүсү боюнча, 2025-жылдын 20-февраль күнү Чүй райондук ички иштер бөлүмүндө (РИИБ0  1975-жылы туулган С.Г. аттуу Чүй айылынын тургуну кайрылган. Кайрылуусунда ал 1977-жылы туулган А.К. аттуу жарандык жолдошу 2024-жылдын 2-ноябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Бул факт Чүй РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 12-март күнү Токмок-Кегети жолунун чыгыш тарабынан, таштардын арасынан А.К.нын сөөгү табылган жана зомбулуктун белгилери бар экени аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Н.А. жана 1997-жылы туулган К.Ы. аттуу жарандар кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2024-жылдын ноябрында Н.А. аттуу жаран таанышы К.Ы. менен өгөй атасынын үйүнө барып, анда Н.А менен А.К. ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, чырдан улам Н.А. жана К.Ы. биргеликте А.К.нын денесине жаракат келтиришип колун байлап, «Хендай Соната» үлгүсүндөгү автоунаанын багажнигине салып, Кегети капчыгайы жакка алып барышып, бир нече жолу бычакташканы аныкталган.

Натыйжада А.К. аттуу жаран алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Шектүүлөр маркумдун сөөгүн таш менен көмүп, кылмыш болгон жерден из жашырышкан.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Чүй облусунда дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: Шектүүлөр. Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты