Чүй облусунда аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды
- 2 месяца мурун
1-ноябрда Чүй облусунун Москва райондук ички иштер башкармалыгына (ИИБ) Бала-Айылчы айылында киши өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган учурда, 1962-жылы туулган Э.С. мас абалында чырдан улам 1976-жылы туулган аялы Ж.Н.ны атып, ал алган жараатынан ошол жерде жан бергендиги аныкталган.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча Москва райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү Э.С. жазфк-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Москва райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.
Сүрөт: Чүй ОИИББ басма сөз кызматы




