Чүй облусунда 795 гектар айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Сокулук районунда жалпы аянты 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекеттин балансына кайтарылды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2000-жылдардын башында ал жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өткөн эмес жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз абалда калган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен.
Жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.
КР УКМК мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча иш жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




