Чүй облусу: Эки заводдун курулушуна капсула салынды  

  • 12 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-апрелде Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында “Кант труба-шифер ишканасы (ТШИ)  заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, “Байконурга” чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин  реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич ж.б. курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”деди Акылбек Жапаров. 

Мавлыматта айтылгандай,  “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн АКШ долларын түзсө, анын 8,5 млн АКШ долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана  өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.  

МинКаб. төрагасы Акылбек Жапаров ошондой эле “Асыл таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 млндон ашкан өлкө калкынын 60%ын жаштар түзөөрүн, мына ошол жаштарга ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи. 

“Завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана болот. Бир жагынан, токтоп турган ишкананын ордун кайра жандандырып жатканыңыздар үчүн рахмат. Экинчи жагынан, заводду эң жакшы жерге салып жатасыздар. Логистикалык жактан стратегиялык точкада турат – түндүк түштүк жолу өтөт, экспортко чыгарууга Кара дарыя жакын, темир жол станциясы бар. Сырье жактан – карьер жаныңарда” деди Акылбек Жапаров. 

“Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш оруну менен камсыз болот. Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү элден алынып, калганы инженерлер, технологдор, программисттер ж.б. адистер болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн АКШ долларын түзсө, анын 25 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

Сүрөт: МинКаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты