Чүй облустук ооруканасы №2 шаардык тез жардам клиникасы болуп түзүлдү  

  • 2 месяца мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Чүй ооруканасын  №2 шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу министрликтин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундук төрөт бөлүмү да кирет.

Оорукананы алдыдагы кайра профилдештирүүнүн алкагында гинекологиялык жана төрөт бөлүмдөрүн бириктирүү менен орундардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле балдар бөлүмүн тиешелүү түзүмгө өткөрүү маселеси каралышы шарт. Дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Толук кандуу тез жардам көрсөтүү үчүн реанимациянын ар бир бөлүмүндө ангионеврологиялык жана кечиктирилгис жардам бөлүмүн ачуу, ошондой эле ар бир бөлүмгө интенсивдүү терапия бөлмөлөрүн уюштуруу зарыл.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты