Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча сынак долбоору ачылды  

  • 6 месяцев мурун

4-ноябрда Чүй облусуна биринчи айланма Чүй каналында (АЧК-1) чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоор ачылды.

Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Министрлер кабинетинин башчысына 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү.

«Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз» деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров тиешелүү энергетика министрлигине жана суу чарба кызматына сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тарткан И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы «КОНАС» илимий-инженердик борборуна ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты