Чүй каналына түшүп кетти деген 18 жашар кыз изделүүдө

  • 3 месяца мурун

Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши, ИИМдин 10 кызматкери куткаруу иштерине чыгышты. Жалпы 35 киши кызды издешүүдө.

Кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Кечээги издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты