Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара берди деп кармалды

  • 1 год мурун

Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М. ири өлчөмдө, 350 миң сом пара берүү фактысы менен кармалды

“31-январда 350 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М. кармалды.Т.М. Аламүдүн РЭСинин башчылыгына дайындоо үчүн энергетика министрлигинин жооптуу кызматкерлерине бир нече жолу пара сунуштаган” деп билдирди Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы.

Бул фкты кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси, пара берүү боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталганы, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты