Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин коррупциялык иштерине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.  

Аталган департаменттин Чүй башкармасынын кызмат адамдарына (1000 сомдон 3000 сомго чейин) белгилүү акчалай сыйлык үчүн, «Фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды реэкспорттоо, фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптарын аткарбастан, карантинге алынган продукцияны экспорттоо үчүн шайкештиктин фитосанитардык сертификаттарын берүүнү жүзөгө ашырышкан.

Ошону менен бирге жогорку кызмат адамдары купуялуулукту сактоо максатында кызмат адамы менен жүктүн ээси ортосунда ортомчу болгон айрым жеке фирмалар менен сүйлөшүүгө барышкан.

Департаменттин Чүй башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда Аламүдүн жана Москва райондорунун кызматкерлери тарабынан системалуу негизде акча каражаттарын алуу фактылары катталган. Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери К.Т.А., К.С.К., К.Б.Э. кармалып УКМКннн тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык ишке катышкан башка адамдардын бетин ачуу жана жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты