“Үч бала тагдырына кайдыгер карабайлы”. Этникалык кыргыз балдардын ата-энесинин өлтүрүлүшү боюнча маселе көтөрүлдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Тажикстандын Согди облусунда элди дүрбөлөңгө салган эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү — тажик жана этникалык кыргыздардын өлтүрүлүшү боюнча маселе көтөрдү.

 -Капсалаңдуу окуя болду, эл аралык дипломатияны эске алып, туугандарынын кайгысын тыйып жатабыз. Эки үй-бүлө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Этникалык кыргыздардын үй-бүлөсүндө ата-энеси экөө тең каза болуп калды, үч бала томолой жетим калды. Туугандары чыгып жатат, мен тышкы иштер министрлиги, ички иштер министрлиги бар, териштирет деп кармап туруп жатам. Муну териштирбесек болбойт, үч баланын тагдыры эмне болот? Кыргызстанда бир туугандары бар. Анын агасы томолой жетим калган үч баланы багып алам деп жатат. Үч баланын тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек, -деди депутат Камила Талиева.

Ушул эле маселе боюнча сунушка депутат Чыңгыз Ажибаев да кошулду, ал балдарды Кыргызстанга алып келүү керектигин айтты.

«Озоди» радиосунун маалыматы боюнча, тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы Махбуба Ахмедова менен анын 17 жаштагы Нозани жана 14 жаштагы Дамир аттуу балдары өлтүрүлгөн.

Маркумдардын жакындарынын айтымында, алардын сөөгүндө зомбулуктун белгилери байкалган. Махбуба Ахмедова айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, балдары мектепте окушкан. Махбубанын күйөөсү Баходур Ахмедов Орусияда иштеп жүргөн.

Кыргыз улутундагы үй-бүлө да үч адамдан — 54 жаштагы Зулхо Иброхимова, анын 47 жаштагы иниси Абдуфаттох жана 46 жаштагы Курбонгүлдөн турган. Киши өлтүрүлгөн түнү алардын жанында Абдуфаттох менен Курбонгүл Иброхимованын үч баласы да болгон. Алар аман калышкан.

Сүрөттө: Камила Талиева. kenesh.kg

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты