Чыңгыз Айтматов тууралуу фильмдин башкы продюсери — Ташиевдин уулу, Тимурлан Ташиев экени белгилүү болду

Режиссер Каныбек Калматовдун “Айтматов” аттуу автобиографиялык фильми Талас жергесинде көрсөтүлдү. Фильмдин башкы продюсери — мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев. Бул тууралуу Kaktus media жазды.   

Тимурлан Ташиев «Айтматов» фильми биринчи залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган Талас жергесинде тушоосу кесилсин деп чечилгенин билдирген.

Тимурлан Ташиев УКМК экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу. Тимурлан Ташиев 2013-жылы дөңгөлөк уурдоого шектелип кармалган. Алардын иши сотко өтүп, бирок жабырлануучулар айыптоого каршы болгондуктан кылмыш иши жабылган.

Сүрөт: Kaktus.media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты