CDC: Казакстан кызамык оорусу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты

  • 5 месяцев мурун

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, Казакстан дүйнөдө кызамык оорусуна чалдыккандардын саны боюнча алдыңкы үчтүккө кирди. Йемен менен Индиядагы абал Казакстандан да начар деп бааланууда.

Ноябрга карата жарыяланган маалыматка ылайык, Йеменде 23 миңден ашуун, Индияда дээрлик 15 миң, Казакстанда 13 миңге чукул, Эфиопияда 11 миңден көп, Пакистанда 8 миңден ашык, Конгодо 6 миңге жакын жана Орусияда 4 минден ашуун кызамык учуру катталган.

CDC кызамык оорусу күтүлгөндөн көп болгонун билдирди. Борбор муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырууда. Анткени 2020-жылдан 2022-жылга чейин кызамыкка каршы вакцинанын 61 миллион дозасы сайылган эмес же кечиктирилген.

Казакстанда кызамыктын күчөшү эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүшү менен байланыштырылууда. Кызамык оорусунун дарысы жок, инфекцияны алдын алуунун бирден-бир жолу – эмдөө деп эсептешет.

Өткөн аптада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны 20 миңден ашканын билдирген.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты