“CASA-1000”: Регионалдык долбоордун жаңы этабы башталды
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бирге “CASA-1000” долбоорунун алкагында видеоконференция байланыш режиминде 500 кВ “Датка-Сугд” аба чубалгысын ишке киргизүү аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.
Салтанаттын алдында Кыргызстан менен Тажикстандын энергетика министрлери 500 кВ “Датка-Сугд” аба чубалгысын ишке киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Андан ары мамлекет башчылары демонстрациялык рычагдын жардамы менен 500 кВ «Датка-Сугд» аба чубалгысын ишке киргизүүнү биргелешип баштап беришти.
Лидерлер бул долбоордун өзгөчө мааниси бар экенин белгилешти, анткени ал эки өлкөнүн энергосистемаларын бириктирет, энергетикалык коопсуздукту бекемдейт жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда.
Маалыматта мындай деп айтылат:
«2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуш иштери аяктады. Жашыл электр энергиясы Кыргызстан менен Тажикстандан жай мезгилинде Афганистан менен Пакистанга экспорттолот. Ошондо, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында жаңы энергетикалык объектилер курулган: Кыргызстандын Датка көмөк чордонунан Тажикстандын 500 кВ Сугд көмөк чордонуна чейин узундугу 480 кмге жакын 500 кВ электр берүү линиясынын курулушу аяктады. Аталган долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 1 миң 243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 км электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөк чордонунда кошумча 500 кВ уяча курулду. Аталган көмөкчордонунан электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин өтөт» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: president.kg




