CAN: Борбор Азияда «Росатомдун» АЭС куруусу саясий мүнөзгө гана ээ

  • 2 года мурун

Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын «Росатом» ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындады.

Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

«Биздин уюм аймакта жана дүйнөдө атомдук энергетиканы колдонууну колдобойт. Борбор Азияда «Росатом» корпорациясынын АЭС курууга умтулуусу саясий гана максатты көздөйт. Бул аймакта кургакчылык өкүм сүрүп, дарыялар соолуп баратат. Климат өзгөргөн сайын таза суу азайып жатат. Атомдук электр станциянын реакторлорун суусу жок иштетүү мүмкүн эмес. АЭС — өтө кымбат, кооптуу технология. Аны курууга жылдар талап кылынат, белгиленген каражаттан көп ресурс жана убакыт кетет. «Росатомдун» Кыргызстанга АЭС салууга аракеттениши — өлкөнүн Орусияга толук энергетикалык көз каранды болуусун шарттап, өзүндөгү кайра калыбына келе турган, экологиялык таза энергия булактарын өнүктүрүүгө тоскоол болот» деп жазган Ольга Бойко уюмдун «Фейсбуктагы» баракчасына.

«Росатом» Кыргызстандын энергетика министрлиги менен АЭС куруу тууралуу меморандумга кол коюлганын билдирген. Ага ылайык, тараптар 20-январда Дубайда өтүп жаткан ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында сүйлөшкөн жана Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылган.

Climate Action Network уюму жашыл энергия, климаттын өзгөрүүсү жана кайра калыбына келчү энергия булактарын колдогон бейөкмөт уюм болуп саналат. Ага дүйнөдөгү 1400дөн ашуун экологиялык уюмдар мүчө. Кыргызстандан «Мувгрин», Biom, Unison Group уюмдары бул түйүнгө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты