АКШ жана Россия өкүлдөрүнүн Эр-Рияддагы сүйлөшүүсү 12 саатка созулду

  • 1 месяц мурун

24-мартта кечинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында АКШ менен Россиянын сүйлөшүүлөрү 12 саатка созулду. Бул тууралуу ТАСС жана РИА агенттиги жеке булактарына шилтеме берип билдирди.

Эр-Рияддагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирүүсү бүгүн, 25-марттт жарыяланары күтүлүүдө.

18-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын  президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Россия Украинанын энергетикалык объекттерине 30 күнгө ок атууну токтотууга макул болгондугу айтылган. Украина президенти Украина ага макул болорун билдирген.  

18-февралда АКШнын жана Россиянын расмий адамдары Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында төрт сааттан ашык убакыт сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

  Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты