Былтыр октябрдан бери АКШнын чек арасында дээрлик 3 миң өзбекстандык кармалды

  • 2 месяца мурун

2023-жылдын 1-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин АКШнын түштүк чек арасынан 57 200 мыйзамсыз мигрант өтүп, Калифорния штатына жетүүгө аракет кылган.

Алардын 2 900үн Өзбекстандын жарандары түзөт. Бул тууралуу Fox News телеканалы АКШнын Чек ара жана бажы кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандардын 27,5 миңин Кытайдын, 8,9 миңин Индиянын, 7,8 миңин Түркиянын, 5,6 миңин Гвинеянын, 4,4 миңден ашыгын Мавританиянын жана 3 миңге жакынын Вьетнамдын жарандары түзөт.

Айрым мигранттар Fox News’ка берген кыска маектеринде АКШга жакшы жашоо издеп келишкенин айтып берген.

«Менин англис тилим жакшы эмес жана АКШда эч кандай таанышым жок. Бул жакка келгенден кийин баарын башынан башташым керек экенин билем. Бирок келечекте жашоом жакшы болуп, балдарым жакшы билим алса дейм. АКШда болушунча тезирээк отурукташып алууну каалайм» деген мыйзамсыз мигранттардын бири.

2023-жылы Американын түштүк-батыш чек арасына 2,5 миллиондон ашык мигрант барып, алардын көбү өлкөгө кире алган.

Буга чейин өткөн жылы АКШда борбор азиялык мигранттардын саны кескин көбөйүп, бул аймактан барган 50 миңден ашык мигрант өлкөгө мыйзамсыз киргени кабарланган. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2 700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары болгон.

АКШнын статистикасына ылайык, мыйзамсыз мигранттардын, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттардын жапырт агымы быйыл да азайган жок.

2021-жылдын октябрынан 2023-жылдын октябрына чейин АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн 13 миңден ашык өзбек жараны кармалган.

Былтыр декабрда Кошмо Штаттарга мыйзамсыз барган 119 өзбекстандык мекенине экстрадицияланган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты