Былтыр алты айда 11 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алды

  • 1 год мурун

2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 киши кыргызстандык Орусиянын жарандыгын илганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта жазылган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап-иштеп жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты