Быйыл 2,5 миң кыргызстандык Англияга мезгилдүү жумушта иштеп келди. Дагы үч миңи барууга даярданууда
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу чет өлкөлөргө кеткендердин арасынан эң көп суроо -талап Англияга экенин “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
“Биздин министрликте жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча борбор бар. Ал борбор төрт жеке агенттик менен иштешет. Өткөн жылы 20 миңге жакын адам чет өлкөлөргө кетишти. Бүгүнкү күндө 29 мамлекетке кетип жатышат. Эң суроо-талап көп каттам – Англия. Ал жакка негизинен мезгилдик иштерге барышат. Кабыл алуучу тараптын талабы – жумушчу күчү кайсы бир мөөнөттө иштеп, андан соң Мекенине кайтып кетиши керек. Англия чет өлкөлүк жарандарга 40 миң квота берген, анын он миңин биз пайдаланып жатабыз” деди министрлин орун басары Дарманкул уулу.
Анын айтымында, быйылкы жылдын эсебинен Англиядагы мезгилдик иштерге 2,5 миң кыргызстандык жөнөп кетти. Экинчи этабында 3 миң жарандын кетиши күтүлүүдө.
Архивдик сүрөт. Англияда иштеп келгендер. ТИМ