БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында жасалма дем алдыруучу беш аппарат алынды
- 1 месяц мурун
Саламаттык сактоо министрлигинде БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан «Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында сатып алынган жасалма дем алдыруучу беш аппаратты (ИВЛ) расмий тапшыруу аземи өттү.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жабдуунун жалпы наркы 65 миң АКШ долларынан ашты. Жабдуу Баткен шаарынын жана Баткен областынын неонатология бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга, анын ичинде оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар балдарга өмүр үчүн маанилүү жардам көрсөтүүгө арналган.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жабдуу өлкөнүн неонаталдык жардамды күчөтүү жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчүн азайтууга салым кошорун белгиледи.
БУУнун Өгүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва белгилегендей, тапшырылып жаткан аппараттар Баткен облусундагы неонаталдык бөлүмдөрдүн даярдыгын күчөтүп, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сапаттуу жана өз убагында медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.
Сүрөт: med.kg




