БУУнун комитети Орхан Инандынын уурдалышы боюнча кыргыз бийлигин айыптады

  • 2 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар деп билдирди.

«Кыргызстан Кыйноолорго каршы конвенциянын 3-беренесин аткарган жок. Бул берене бир дагы мүчө мамлекет жаранга олуттуу коркунуч туулуп жатса, аны башка мамлекетке кайтарып, жиберип же берүүгө укугу жок. Кыргызстан Орхан Инандынын жоголушун тыкыр иликтеген эмес», — деп белгиленген билдирүүдө.

БУУнун сессиясында Орхан Инанды менен кошо эле өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин, казакстандык активист Мурат Тунгысбаевдин мекенине кайтарылганы да сынга алынып, Кыргызстан куугунтукка алынган адамдарга башпаанек бергендин ордуна, аларды кыйноо күтүп турган өлкөлөргө кайтарып берген мамлекет катары белгиленди.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 31-майдын түнүндө жоголгон.  5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкара прокуратурасы айыпталуучуну 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат. Ага «Куралдуу террористтик уюмду уюштурган жана башкарган» деген айып тагылууда.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстан 10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кезектеги сессиясында кыйноолорго байланыштуу баяндама жасап жатат.

Сессияга «Кыйноолорго каршы коалициясы» уюмдун өкүлдөрү онлайн көз салып, «Клооп» басылмасы менен бирге маалымат берүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты