Муратбек Азымбакиев Женевадагы БУУдагы жана эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Муратбек Азымбакиев Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы  туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.

Сүрөттө: Муратбек Азымбакиев. Интернет булактарвнан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты