БУУда Украина боюнча резолюция кабыл алынды. Борбор Азия мамлекеттери калыс болду

  • 1 год мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Евробиримдик жана Украина тарабынан сунушталган резолюцияны жарыя кылды, документти 93 өлкө колдогон, 18 өлкө каршы болгон, ал эми 65 өлкө добуш берген эмес. Борбор Азия өлкөлөрү БУУнун Башкы ассамблеясында Украина боюнча резолюцияга добуш берүүдөн карманып, калыс позицияда калды.

БУУнун Башкы ассамблеясы Украина боюнча эки резолюция кабыл алды. Анын бири Украина жана Евросоюз тарабынан көрсөтүлүп, Орусияга каршы белгилери бар. Ал эми нейтралдуу вариантты АКШ сунуштады. БУУнун башкы ассамблеясы АКШнын резолюциясына өзгөртүү киргизгенден кийин, Америка добуш берүүдө калыс болгон. Ал эми добуш берүү учурунда америкалык долбоор алгачкы вариантында сунушталды.

Америкалык долбоор Украинадагы жаңжалды тезирээк аягына чыгарууга чакырат жана үч жылда биринчи жолу Россияны агрессор деп атабайт.          

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан эки резолюцияга тең добуш берүүдөн карманып, калыс позицияда калды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты