БУУ: Согуш башталгандан бери Украинада 516 жай тургун каза болду

  • 2 года мурун

Украинада согуш башталгандан бери 516 жай тургун каза болуп, дагы 908и жаракат алды.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, көз жумгандардын арасында 98 эркек, 60 аял, тогуз бала, беш кыз жана 23 ымыркай бар. Каза болгон дагы 312 кишинин жынысы белгисиз бойдон калууда.

Жай тургундардын арасында жабыркагандардын басымдуу бөлүгү Донецк жана Луганск облустарынын тургундары. Бул аймакта 111 киши каза болуп, 462 адам жаракат алган.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы факты жүзүндө жай тургундардын арасында каза болгондор жана жаракат алгандар кыйла көп экенин, анткени согуш жүрүп жаткан аймактардан маалыматтар кечирээк келип, алардын көбүн ырастоо керек болуп жатканын белгилөөдө.

Жүздөгөн жай тургун жабыркаганы айтылып жаткан Волноваха, Мариуполь жана Изюм шаарларынан келген маалыматтар бул статистикага кошулган жок, анткени алардын көбү азырынча текшериле элек.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. 

7-мартта эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды. Москванын териштирүүнү четке какканына, орусиялык юристтердин Гаагага барбай койгонуна карабай, Бириккен улуттар уюмунун жогорку соту ишти кароону баштады.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты