БУУ: Орусия согушка каршы чыккандарды куугунтуктоодо

  • 2 года мурун

Орус бийлиги Украинадагы согушту колдобогондорду куугунтуктап, тынч жыйынга чогулуу укугун жана сөз эркиндигин чектеп жатат.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссарынын милдетин аткаруучу Нада Аль-Нашиф билдирди.

Дүйшөмбүдө Женевада Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги жыйыны башталган. Орусия Украинага кол салгандан кийин көпчүлүк добуш менен анын курамынан чыгарылган.

“Орусия Федерациясында Украинадагы согуш менен келишпеген адамдардын укуктарын чектөө, куугунтуктоо жана репрессия жүрүп жатат. Мындай аракет пикир билдирүү, жыйын өткөрүү, уюмга биригүү эркиндиги сыяктуу негизги конституциялык укуктарды чектейт” деди Аль-Нашиф.

Ал орус бийлиги журналисттерге кысым көрсөтүп, сайттарды бөгөттөө аркылуу маалымат алуу укугун чектеп жатканын кошумчалады.

Жыйын алдында адам укуктарын коргогон бир катар уюмдар Кеңештен Орусияда адам укуктарынын бузулушун иликтей турган көз карандысыз орган түзүүнү талап кылышкан.

Орусия Украина аймагын басып киргенден бери Федерация аймагында согушка каршы акцияларга катышкан 16 миңден ашуун киши кармалган. Армияга шек келтирди деген административдик берене менен үч миңден ашуун протокол толтурулду, аскердик фейктер беренеси боюнча 100дөн ашуун кылмыш иши козголду. Белгилүү саясатчылар Владимир Кара-Мурза жана Илья Яшин ушул берененин негизинде камакка алынды. Орусияда миңдеген сайттар бөгөттөлдү.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты