БУУ «ИМ» радикал тобунун Ооганстандагы жана Борбор Азиядагы коркунучу жөнүндө эскертти

  • 9 месяцев мурун

БУУнун Коопсуздук Кеңеши “Ислам мамлекети”террордук тобунун Хорасан канатынын ишмердүүлүгүнө тынчсызданууда. Уюм Хорасан тобун «Ооганстандагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң олуттуу террордук коркунуч» деп эсептейт.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин баяндамасында бул топтун согушкерлеринин саны (үй-бүлөлөрү менен) 4000ден 6000ге чейин экени айтылат. Уюмдун “Хорасандын үнү” басылмасы аймактагы этникалык топтордон жаңы согушкерлерди тартуу үчүн пуштун, перс, тажик, өзбек жана орус тилдеринде үгүт иштерин жүргүзөт.

Бул сан Ооганстандагы «ИМдин» мүчөлөрүнүн саны боюнча мурда жарыяланган көрсөткүчтөн ашып кетти. Борбор Азия чөлкөмүнүн айрым мамлекеттери Хорасан согушкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн Ооганстандагы саны үч жарым миңдей адам деп эсептешкен.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин баяндамасы жана билдирүүсү 25-августта жарыяланган. «ИМ» террордук тобу жана анын канаттары жаңжал болгон аймактарда жана мындай аймактарга жакын жайгашкан өлкөлөрдө олуттуу коркунуч жаратууну улантууда»деп айтылат билдирүүдө.

ИМдин аймактагы эң кандуу чабуулу 30-июлда Пакистандагы Жамиат Улема-э-Ислам (Ислам диниятчыларынын ассамблеясы) партиясынын курултайында болгон. Кол салуудан кеминде 63 адам каза болуп, 100дөн ашууну жараат алган.

Бул топ Кабулда өткөн аптада болгон жардыруу үчүн да жоопкерчиликти өзүнө алган. Кол салуунун натыйжасында эки адам өлүп, дагы бирөө жараланган.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты