Бурулкан Сарыгулова Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду  

  • 2 месяца мурун

Акын Бурулкан Сарыгулова Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын 2024-жылдагы лауреты болду. Бул тууралуу Кыргызстан Жазуучулар союзу билдирди.

Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган бул сыйлыкка Бурулкан Сарыгулова адабий конкурска  “Мендеги мезгил” аттуу китеби менен катышкан.

1979-жылдан бери анын ырлары, новеллалары «Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары», «Кыргыз маданияты», “Учкун” өңдүү адабий журналдарга, жумалыктарга, альманахтарга чыгармалары жарыяланып келе жатат. «Сыр сандык» «Жетелешкен жылдар», “Мендеги мезгил” ж.б. китептердин автору.  

Бурулкан Сарыгулова акын, журналист,  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Алтын калем» адабий сыйлыгынын лауреаты. 2005-2010-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинде кабарчы, программалардын редактору, 2010-жылы (апрель-ноябрь) “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу, 2011-2021-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун орун басары — башкы редактору, 2021-жылдан баштап «Азаттык-Медиа» мекемесинин баяндамачысы.

Сүрөт: Жазуучулар союзунун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты