Акын жана адабиятчы Омор Сооронов дүйнөдөн өттү
- 2 месяца мурун
Акын жана адабиятчы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Омор Сооронов 2026-жылдын 20-январында 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу анын кесиптеши, акын Калбүбү Сариева социалдык тармакта кабарлады. Аны Илимдер академиясы жана маданият министрлиги тастыктады.
Омор Сооронов 1940-жылы 28-февралда Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында туулган. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы Базар-Коргон басмаканасында арип терүүчү болуп иштөө менен баштаган,
1967-1969-жылдары Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогика окуу жайында окутуучу, 1969–1979-жылдары жана 1981-жылдан тартып, Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кичи илимий, улук илимий кызматкери болуп иштеп келген.
«Тоолорумдун зыйнаты» биринчи поэтикалык жыйнагы 1971-жылы басылып чыккан. Ал онго жакын поэтикалык жыйнактын, 16 монографиянын, көптөгөн илимий, сын макалалардын автору.
Эки томдук Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын, жети томдук «Кыргыз адабиятынын тарыхынын» авторлошу болуп саналат. Кыргыз элинин араб жазмасындагы бир нече кол жазма мурасын изилдеген.
Сүрөт: Интернет булактарынан




