Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль ачылды

  • 8 месяцев мурун

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов залкар акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” аттуу эл аралык поэзия фестивалынын ачылышына катышты.

Мамлекеттик катчы фестивалды ачып жатып, бул кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Алыкул Осмонов – улуттук поэзияны эл аралык деңгээлге чыгарган залкар акын. Анын мурасы – жаштар үчүн баалуу руханий жол көрсөткүч. Бүгүн бул жерде чогулган ар улуттун өкүлү – акындын чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгынын айкын далили” деп белгиледи Марат Иманкулов.

Иш-чарага ошондой эле Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын программасында поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган, алардын алкагында лирикалык чыгармалары жана сөзгө чебердиги менен таанылган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы талкууланды.

Алыкул Осмонов

Ата журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Жаз да башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. «Таңдагы ырлар», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Махабат», «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери» деген жыйнактары жарык көрдү. «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.

Сүрөт: Сагын Ишенов тарткан Алыкулдун сүрөтү

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты