БШКнын CALL-борборунун жаңдоо тили менен WhatsApp видео түз байланышы иштей баштады

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы жеткиликтүү форматтарда жана майыптыктын ар түрдүү формаларын эске алган технологияларды пайдалануу менен майыптыгы бар шайлоочуларга бардык шайлоо процесстери тууралуу маалымдоо боюнча активдүү өнөктүк жүргүзүүдө жана зарыл чараларды көрүүдө.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Угуусунда жана сөз сүйлөөдө көйгөйү бар шайлоочуларды  маалыматтык жактан камсыздоо максатында БШКнын CALL-борбору 0996-550-011255 whatsapp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты иштете баштады.

Алшайлоочулар ал аркылуу кайрылып, өз суроолоруна жаңдоо тили мененжооп алса болот. WhatsApp номери боюнча чалып, шайлоочулар  Жогорку Кеӊештин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу актуалдуу маалымат алат, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жөнүндө маалымат алып, өз маалыматтарын тактаса жана башка алса маалыматтарды алса болот.

0996-550-011255 WhatsApp номеринин иш графиги: календарда кара арип менен көрсөтүлгөн күндөрү саат 9.00дөн 13.00гө чейин.

Сүрөт: ПолитКлиника/Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты