БШКнын байланыш борборунда жаңдоо тили менен түз байланыш номери иштей баштады

  • 3 года мурун

Угуусу жана сүйлөөсүндө кемчилиги бар шайлоочуларды маалыматтык жактан камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) байланыш борборунда 0996-550-011-255 WhatsApp номеринде жаңдоо тили менен видео байланышы уюштурулду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы номерден жарандар Жогорку Кеӊештин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү боюнча жана башка зарыл болгон маалыматтарды ала алышат.

0996-550-011255 WhatsApp номери күндүзү саат 9.00дөн 13.00гө чейин иштейт.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты