БШКга шайлоо боюнча мыйзам бузуу тууралуу 34 кайрылуу түштү

  • 2 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматы боюнча, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып, башкача айтканда, 2021-жылдын 29-августунан 4-ноябрына чейин  шайлоо процессинин бузулушу боюнча 34 кайрылуу келип түштү. 

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын арасында шайлоочулардын добуш сатып алынышы тууралуу – 17, административдик ресурстун кыянаттык менен пайдаланылышы – 2,  үгүт шарттарынын бузулушу – 4, участкалык шайлоо комиссиясына даттануу – 1, шайлоо фондун каржылоо тартибинин бузулушу  — 4,  жалган документтердин колдонулгандыгы – 2, талапкерди каттоодон баш тартуу – 2, талапкерлердин тизмесинин тартибин бузуу у – 1, талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүү тууралуу тергөө органдарынын өтүнүчү – 1.

Укук коргоо органдары тарабынан 7 кайрылуу маалыматтык каттоо журналында катталган. 10 кайрылуу кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, 6 кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтотулган, дагы экөө ИИМдин кароосунда. 

БШк тарабынан шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузуулар үчүн жазуу түрүндөгү 5 эскертүү берилди: 

  • О.Нурбек уулуна, №32 Кочкор округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер; 
  • Н.Талиповго, №3 Кадамжай округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер;
  • Ш.Ташиевге, №14 Жалал-Абад округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер;
  • Б.Бегалиевге, №25 Аламүдүн округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер
  • Б.Бекешевге, №28 Октябрь округу боюнча  ЖК депутаттыгына талапкер. 

И.Чотобаевге — 7 500 сом өлчөмүндө шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн айып пул салынды.

К. Тайчабаровго шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн  мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн КР Президентинин администрациясына материалдарды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. 

Шайлоо мыйзамдарынын бузуу фактылары тууралуу маалымдоо үчүн шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн байланыш каналдары:

— кыска номер — 1255;

— WhatsApp номери:  0990 02- 12- 55; 0 755 00 2965;

— ишеним телефону — 0312 62-62-46;

— коомдук кабылдама: 0312 66-02-40;

— электрондук дарек: [email protected].

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты