БШКга парламенттик шайлоого 592 млн. сомдон ашык каражат керектелет  

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө БШКга 592 млн. 350 миң сом керектелет.

Бул тууралуу БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен келди.

Буга быйылкы жылдын планында референдум жана үч шаардык кеңешке кайрадан уюштурулган шайлоолор кирбегенин жүйөө келтиришти.

Ага ылайык, 100 млн сом кошумча акча керек. 11-октябрда Министрлер кабинети атайын тескеме менен аталган каражатты бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Эми Жогорку Кеңештин макулдугу керек,- деди БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов.

Талкуу маалында депутат Осмон Турдумамбетов парламенттик шайлоого канча каражат керектелээрине кызыкты.Искендер Гайпкулов: “592 млн 350 миң сом каралган” деп жооп берди.

Аталган комитетте долбоор колдоо тапты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты