БШКга “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын дарыгерлерге басым көрсөтүп жатканы жөнүндө маалымат түштү

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бишкек шаарындагы дарыканалардын жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине басым көрсөтүп жатканы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Р. А. аттуу жаран БШКга «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бишкектеги дарыканалардын жана медициналык мекемелердин жетекчилери аркылуу кызматкерлерге кысым көрсөтүп, паспортунун сүрөтүн жана жеке номерин берүүнү талап кылып жатканы тууралуу арыз жазган.

Маалыматка ылайык, арыздануучунун борбор калаадагы дарыканалардын биринде иштеген жубайына 10 адам аталган партия паспортундагы жеке маалыматтарды берүүнү талап кылганын айтып кайрылган. Ошондой эле талап арыздануучунун шаардык ооруканалардын биринде иштеген атасына дагы түшкөн.

Маалымат көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Бул жолу шайлоо адаттагыдан айырмаланып аралаш система боюнча өтөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты