БШК УКМКнын талапкерди жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү өтүнүчүн четке какты

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Замирбек Тургунбаевди жоопкерчиликке тартууга макулдук сурап Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды. БШК бул кайрылууну 1-ноябрдагы отурумунда карады.

Жыйындагы маалыматка ылайык, талапкер Тургунбаевдин үстүнөн сотко чейинки өндүрүшкө алынган төрт иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК алардын ичинен бир иш боюнча талапкердин күнөөсү далилденгенин, тергөө аяктап, иш сотко ашырылуу алдында турганын маалымдаган. Ага ылайык, тергөө иши Тургунбаевдин ден-соолугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Бул маселени караган БШКнын алдындагы жумушчу топ тергөө токтоп турганына байланыштуу, атайын кызматтын өтүнүчүн четке каккан чечим чыгарган. Андан соң Боршайкомдун толук курамы жумушчу топтун чечимин кубаттады.

Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен УКМК тарабынан 6-январда кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. Ал Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна кеткен 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөн, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген деп айыпталган. 11-январда үй камагына чыгарылган.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Тургунбаев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты