БШК талапкер Талиповго эскертүү берди

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы №3 Кадамжай шайлоо округунан талапкер Нурали Талиповго эскертүү берди.

Жыйында БШКнын тез реакция кылуу комиссиясынын мүчөсүнүн айтымында,  талапкер Талипов райондогу Кызыл-Булак айылынын окуучуларына мектеп формасын тараткан.  Талапкердин кайрымдуулук жасагандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты