БШК төрагасы шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү элге түшүндүрүүнү тапшырды
- 10 месяцев мурун
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана БШК Аппаратынын кызматкерлери менен өткөн жыйында, калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырды.
Бул иштер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт.
Төрага ар бир айылга, районго жана шаарга бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере алат деген маалыматты жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Калктын арасында 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үч депутат шайланат, демек бюллетенде жалпы талапкерлердин ичинен үчөөнө белги коюу керек, деген туура эмес түшүнүк болууда. Ар бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге белги коё алат. Болбосо, бюллетень жараксыз деп табылат” деди Шайназаров.
Ал жер-жерлердеги атайын өкүлдөрдү айыл өкмөттөр жана башка жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, бул маалыматты ар бир жаранга жеткирүүгө чакырды.
Шайназаровдун маалыматына караганда, БШК шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү жаңы шайлоо мыйзамына ылайыкташтырып жатат. Эгер парламент саясий чечим кабыл алса, шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
“Жогорку Кеңештин Конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябры, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин Жогорку Кеңеш гана кабыл алат. Ал эми шайлоону өткөрүүгө даярдык тууралуу айта турган болсок, жаңы мыйзамдын кабыл алынганына үч ай болду, оперативдүү иштеп жатабыз. Эгер парламент, саясий чечим кабыл алса, ар дайым шайлоого даяр болушубуз керек” деди Шайназаров.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Бул тууралуу президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылат.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




