БШК шайлоого активдүү катышууга чакырат
- 1 год мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга жана Ленин районунан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты шайлоого чакырды.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 14:00гө карата шайлоочулардын 7, 67 пайызы же 9758 шайлоочу добуш бергенин маалымдады.
№ 26 Бишкек шаарынын Ленин шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны — 127 239.
Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:
— 1255 же 119 телефондору аркылуу;
— 119 номерине PIN — паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз);
— https://tizme.gov.kg/ сайтынан
Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда кайра шайлоо жүрүп жатат.
28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.