Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Добуш берүү жүрүп жатат

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 10-сентябрда, №26 бир мандаттуу Бишкек шаарынын Ленин шайлоо округунда кайра шайлоодо добуш берүү  жүрүп жатат.

Добуш берүү саат 8:00де башталды.

Бардыгы болуп 51 шайлоо участогу ачылган.   

Кайра шайлоодо добуш берүү саат 8:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Мында 24 талапкер ат салышууда, алардын 19у эркек жана 5 аял.

Талапкерлердин тизмеси

Аднаева Нургүл

Ажыбеков Руслан

Алмаз уулу Аскар

Аттокур уулу Илимбек

Бакир уулу Турсунбай

Балтабаев Абдивали
Булекбаев Эркин

Искаков Эртай

Искендеров Жээнбек

Исмаилова Карачач

Кадыралиева Ыргал  

Какчекеев Токтогул

Капаров Чынгыз

Кермалиев Таалайбек

Мамаев Сулайман

Мамытов Токтокүчүк

Рысалиев Бактыбек

Самаков Кубанычбек

Саралаева Лейла

Сооронбаева Нургүл

Субанов Айбек

Тагаев Русланбек

Шаршенбиев Бакыт

Ырсалиев Жамалбек

Эсенаманов Мурат.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты