БШК парламенттик шайлоого дагы эл аралык 28 байкоочуну каттады  

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого дагы эл аралык 28 байкоочуну каттады.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын арасында Түркия, Россия, Япония элчиликтеринин, Австралиянын Россиядагы элчилигинин, Молдова, Беларусь, Грузия, Азербайжан БШКсынын, Румыниянын туруктуу шайлоо органынын, Латвиянын БШКсынын, ОБСЕ өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү бар.

3-ноябрга карата 28 мамлекеттин  109 өкүлү Кыргызстандын парламенттик шайлоосуна байкоочу катары катталган.  

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты