БШК парламенттик шайлоого дагы 159 эл аралык байкоочуну каттады

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-ноябрда бир катар чет өлкөлүк элчиликтердин жана уюмдардан дагы 159 эл аралык байкоочуну каттады.

Резиденциясы  Нур-Султан шаарында болгон Таиланд элчилигинен, Иран элчилигинен, Мальдив Республикасынын шайлоо комиссиясынан, Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынан, ОБСЕ, КМШ, ОДКБ, Түрк тилдүү мамлекеттердин, Ислам кызматташуу уюмунун, парламенттик ассамблеяларынан,     ШКУдан, түрк мамлекеттер уюмунан байкоочулар катталды.

Парламенттик шайлоого 19-ноябрга карата бардыгы болуп 56 мамлекеттен 435 эл аралык байкоочу катталды.

Байкоочулар Молдова, Түркия, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Румыния, Латвия, Россия, Литва, Казакстандан ж.б. бар. Ошондой эле эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүк элчилик өкүлдөрүнөн.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты