БШК Камчыбек Жолдошбаевди депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарды  

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо округунан Камчыбек Жолдошбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлик каттоодон чыгарды.

Бул маселени БШКнын  мүчөлөрү бүгүн, 18-ноябрда, жыйында карады. БШКнын 11 мүчөсүнүн баары Жолдошбаевди талапкерликтен четтетүүгө макул болушту.   

Талапкерди каттоодон чыгарууга Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин кызматкерлеринин анын кудасы Муктарбек Сыдыковдун шайлоочуларды сатып алууга шектенүүсү тууралуу маалыматы себеп болгон.  

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы борбор калаанын С. М. тургуну добуш сатып алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Атайын кызмат тараткан маалыматта шектүү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин жакын тууганы экен жазылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты